Жээнбеков Казакстандын элине көңүл айтты

28 декабрь 2019 12:12 3368 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге жана Казакстандын элине учактын кулашынан улам адам курмандыктарына байланыштуу көңүл   айтты.

 «Казакстан Республикасынын Алматы-Нур-Султан аба каттамындагы кырсыктын кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакаюуну каалайм», — деп белгиленген көңүл айтуу телеграммасында.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-kazakstan-respublikasynyn-prezidenti-kasym-zhomart-tokaevge-zhana-kazakstandyn-eline-kul-ajtty



Добавить комментарий