Каскадер кыз Ашированын көйгөйүн депутат Аида Исмаилова жеке көзөмүлүнө алды
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Сауд Аравияда өткөн Cemal Fest фестивалы учурунда жаракат алган Асланайым Ашированын көйгөйүн парламенттин жалпы жыйынында көтөрө турган болду. Бул тууралуу эл өкүлү Facebook баракчасына жазды.
Исмаилова Аширова боюнча маселени былтыр эле укканын бирок, иш-чаранын уюштуруучулары ага кам көрүп жатат деген ойдо болгонун билдирди. Бирок иш жүзүндө бардыгы тетиринен болгон.
"Тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин ал менен жолугуп, көйгөйүн угуп, жардам бере албай келдим. Анын физикалык жана моралдык абалы тууралуу маегин Фейсбуктан көрүп, абдан капа болдум. Жолукканымда анын ооруп жатканын, тынчсыздануусун, ишенбөөчүлүк пайда болгонун, биздин кол шилтеп койгон мамлекеттик органдардан чарчаганын сездим", — деп жазды ал.
Депутат айым андан сырткары, болуп өткөн окуялардан улам Маданият министрлиги менен Этнооюндардын дүйнөлүк конфедерациясы каскадер кызды башка мамлекетте таштап койгонун сезүүгө болорун белгиледи. Бактыга жараша элчилик менен падышачыыктын администрациясы кыздын бутунун кесилишине алып келбей, кыска убакыттын ичинде операция кылуу маселесин чечкенине ыраазычылык билдирди.
Исмаилова өз кайрылуусунда иш-чаранын уюштуруучулары башка мамлекеттин дарыгерлерине Асланайымды Казакстандын жараны жана ыктыярчы деп туура эмес маалымат бергенин сынга алды. Андан сырткары маселенин чоо-жайын эми жакшы түшүнүп, маселени жеке көзөмөлүнө алганын жазды.
Белгилей кетсек, белгилүү жаачы кыз Аширова Сауд Аравияда 2019-жылы жазында болгон Camel Fest фестивалына даярдык көрүп жатып жаракат алган. Эр-Риядда дарыланып, кийин Кыргызстанга келген.
Ссылка: https://barometr.kg/kaskader-kyz-ashirovanyn-kjgjn-deputat-aida-ismailova-kajradan-ktrp-chykty
Добавить комментарий ×