Кашкар Жунушалиев Түркия ички иштер министри менен бирдиктүү жумушчу тобун түзүүнү демилгеледи
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Туркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Будапешт Процессинин Алтынчы министрлер конференциясынын алкагында Турция Республикасынын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эки министрликтин башчыларынын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды.
Туркиялык министр Кыргызстан менен Туркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусунун өнүгүүсүнө өткөн жылы эки мамлекеттин башчыларынын бири-бирине барышкан иш-сапарлары түрткү бергендигин белгиледи. Жогорку деңгээлге жеткен макулдашууларды ишке ашыруу максатында Сойлу Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрликтеринин ортосундагы эки тараптуу кызматташууну күчөтүү керектиги жөнүндө өз пикирин айтты.
Жунушалиев бүгүнкү күндө тараптар 1992-жылдагы эки тараптуу ведомстволор аралык макулдашуунун алкагында кызматташып жаткандыгын белгилеп өттү. Аталган макулдашуу кылмыштуулуктун учурдагы коркунучтары менен күрөшүү чөйрөсүнө талаптагыдай толук жооп бербээрин белгилеп, министр эки тараптуу макулдашуу базасын жаңыртууну сунуштады. Ошондой эле, жолугушуунун оң натыйжаларына жетүү үчүн ал эки ведомствонун ортосундагы макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу менен алектеген бирдиктүү жумушчу тобун түзүүнү демилгеледи.
Тараптар жогорудагыдай макулдашуулар улуттар аралык кылмыштар менен күрөшүү, анын ичинде эл аралык терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана уюшкан кылмыштуулук боюнча ведомстволор аралык кызматташууну күчөтөөрүн белгилешти.
Добавить комментарий ×