Кашкар Жунушалиев Кытайдын жана Катардын Кыргызстандагы элчилери менен жолугушту
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кытайдын Кыргызстандагы толук ыйгарым элчиси Сяо Цинхуа менен жана Катар мамлекетинин элчиси Абдулла
Бин Ахмед Аль –Сулейти менен жолугушуларды өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы билдирди. Маалыматта айтылгандай, бул жолугушуулардын максаты, Кытай Эл республикасы жана Катар мамлекети менен коопсуздук маселеси менен өз ара кызматташуу маселелери талкууланды. Министр биринчилерден болуп Кытай Элдик Республкасынын Кыргызстандагы толук ыйгарым элчиси Сяо Цинхуа жана расмий өкүлү Цай Чжисюнды кабыл алды.
Кашкар Джунушалиев КЭРдин түзүлгөндүгүнүн 69 жылдык майрамы менен куттуктады жана элчиге сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз республикасынын ички иштер министрлиги коопсуздукту сактоо багытында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн элдеринин туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматташуу жолдорун талкуулашты. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө КЭРдин коомдук коопсуздук министри менен жолугушуу маселеси да талкууланды жана мындан ары өз ара кызматташуу, ошондой эле өз ара укук коргоо органдарынын коопсуздук маселесинде ишмердүүлүктү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ушул эле күнү ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Кыргыз республикасындагы Катар мамлекетинин атайын жана толук ыйгарым элчиси Абдулла бин Ахмед Аль–Сулейти менен дагы бир жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Катар ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн бекемдөө боюнча өз ара пикир алмашуулар, мындан аркы кызматташууларга тиешелүү суроолор талкуулануу менен бирге буга чейинки кызматташуулардын денгээлине жогору баа берилди. Ошондой эле эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын коопсуздук маселесинде ишмердүүлүктү өнүктүрүү багытында сүйлөшүүлөр жүрдү. Ички иштер министрлигинде өткөн эки мамлекеттин Элчилери менен жолугушуу иш чаралары жакшы достук маанайда өттү.
Добавить комментарий ×