Кашкар Жунушалиев Катарга барды. Эмир менен салтанаттуу аземге катышты

23 январь 2020 19:03 893 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Катар мамлекетине кызматтык иш-сапары менен барды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Иш сапардын жүрүшүндө 2020-жылдын 23-январында Катар мамлекетинин Улуу даражалуу Эмири  Тамим бин Хамад Аль Тани жана Катар мамлекетинин Премьер-министри, ички иштер министри Абдулла бин Насир бин Халифа Аль Тани жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев  Доха шаарындагы Катар мамлекеттик Полиция колледжинин студент-талапкерлеринин экинчи тобунун бүтүрүү аземине катышты. 

Салтанаттуу азем эң жогорку деңгээлде уюштурулуп, ага Катар мамлекетинин коомдук саясий ишмерлери да катышты.



Ссылка: https://barometr.kg/kashkar-dzhunushaliev-katarga-bardy-emir-menen-saltanattuu-azemge-katyshty



Добавить комментарий