Кароосуз калган жаныбарлар менен иш алып баруу эрежелери талкууланды

1 октябрь 2021 15:40 1165 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев жаныбарларды коргоо боюнча активисттер менен жолугушту, андан үй жаныбарларын кармоо эрежелери жана кароосуз калган иттер менен иш алып баруунун эрежелери талкууланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашканн “Барометр” маалымдайт.

Жыйынга үй-жайсыз айбанаттарды коргоо боюнча өкмөттүк эмес уюмдардын шаардык кызматтарынын жетекчилери катышты.

Активисттер бул багытта ишти кандай жакшыртса боло турганы жөнүндө сунуштарды айтышып, кызыктырган суроолорго жооп алышты, ошондой эле эскертүүлөрүн беришти.

Бриджит Бардонун айбанаттарга жардам берүүчү фонду менен тыгыз кызматташкан Кыргыз-француз экотуризм ассоциациясынын өкүлү Филипп Буазо кароосуз жаныбарларды кармоо, стерилизация, эмдөө, маселенинин чечүүнүн жолдору тууралуу программанын негизги багыттары тууралуу айтып берди.

Ссылка: https://barometr.kg/karoosuz-kalgan-zhanybarlar-menen-ish-alyp-baruu-erezheleri-talkuulandy



Добавить комментарий