Коронавируска каршы эмдөө бир айдан кийин башталат

17 август 2020 11:01 2899 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россия коронавируска каршы вакцинаны каттоодон өткөрдү. Массалык түрдө эмдөө бир айдан кийин башталат. ММКларга Гамалея атындагы илим-изилдөө борборунунун директору Александр Гинцбург билдирди. Бул тууралуу "РИА Новости" маалымат агенттигине шилтеме берип “Барометр” которду.

"Массалык вакцинация бир аз кечигиши мүмкүн. Анткени даяр болгон препарат каттоодон кийинки изилдөөлөрдөн өтөт. Ошондон кийин гана жарандарга жетет. Ал үчүн бир айча убакыт талап кылынат", - деп айтылат.

Эске салсак, "Вектор" борборунун адистери түзгөн үч вакцинанын прототиби сыноодон ийгиликтүү өткөн. 

Ал эми Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко вакцинация акысыз болорун айткан. Ал эң биринчиден медиктер менен мугалимдерге жасалат.

Ал эми Кыргызстанда да орусиялык вакцинаны колдонууга даяр.

Эске салсак 15-августта Кыргызстандын президентти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын медиктерин  COVID-19га каршы вакцинанын катталышы менен куттуктаган.

 "Бул пандемияга каршы күрөшүүдөгү бурулуш учуру болуп саналат. Биз бул жаңылыкты көптөн бери күтүп жүргөнбүз", - деп айткан президент.

Ссылка: https://barometr.kg/karonaviruska-karshy-emd-bir-ajdan-kijin-bashtalat



Добавить комментарий