Карантинде жумушсуз калган сойкулар эми психотерапевт боло башташты
Эркек кишилер сойкуларга аялдары канчалык жаман киши экенин айтып, өздөрүнүн көйгөйлөрү менен бөлүшүүдө.
Украинанын борбору Киев шаарында кызмат көрсөткөн сойкулар жумушун бир аз башка нукка бурду. Кыздардын айтымында, төшөк кумары үчүн акча төлөгөнгө караганда жөн гана сүйлөшүү үчүн акча төлөгөн эркектердин саны дагы көбөйгөн.
“Кишилер үйдө отуруп зеригип кетти. Алар бизге жолугуп, тамеки чегип, болушунча сүйлөшүп моокумун кандырышат. Дайыма эле төшөк кумарына деле баткылары келбейт. Маанайлары мурдагыдай эмес”, — дейт кызмат көрсөткөн кыздардын бири.
“Страна” порталынын жазышынча, сойкуларга чалган эркектер көбүнчө аялдарына болгон дооматтарын айтып, жумушундагы, жашоосундагы оорчулуктарды айтып беришет. Мындай кишилер кадимки турмушта бул маселелерди эч ким менен бөлүшө алышпайт.
Вероника аттуу кыз буга чейин деле анын кардарларынын 60 пайызы жөн гана аны кунт коюп угуу үчүн гана акча төлөп келишкенин айтат. Карантин киргизилгенден бери арманын айтып, жеңилдеген эркектердин саны көбөйгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/karantinde-zhumushsuz-kalgan-sojkular-emi-psihoterapevt-bolo-bashtashty
Добавить комментарий ×