Карантин аяктаганга чейин кайсы мекемелер ачылбайт. Тизме
Республикалык штаб карантин аяктаганга чейин ачылбай турган мекеме-ишканалардын тизмесин жарыялады.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда өзгөчө абал апрель айынын аягына чейин узартылды. Тийиштүү жарлыкка президент кол койду. Андан сырткары Нарын шаары менен Ат-Башы районуна дагы өзгөчө абал киргизилип, коменданттык саат режими иштейт.
Карантин аяктаганга чейин иштебей турган мекемелердин тизмеси:
- балдар бакчалары жана кошумча билим алуу боюнча ар кандай секциялар;
- мектептер, ЖОЖдор, орто окуу жайлары, колледждер, кесиптик окуу жайлар ишин дистанттык режимде улантат;
- оюн-зоок мекемелери, соода-сатык борборлору, дүкөндөр, ири базарлар, барлар, түнкү жана оюн клубдары, театрлар, музейлер жана кинотеатрлар.
Ал эми азык-түлүк дүкөндөрү жана жашоого керектүү товарлар сатылган базарлар, дарыканалар өз ишин уланта берет.
Ссылка: https://barometr.kg/karantin-ayaktaganga-chejin-kajsy-mekemeler-achylbajt-tizme
Добавить комментарий ×