Карамушкинага кылмыш иши козголду

22 август 2019 16:46 2502 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Кой-Таштагы окуялар боюнча шек саналууда. Бул тууралуу Карамушкина «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты. Депутаттын сөзүнө караганда, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов анын Кой-Таштагы окуялар боюнча күбө макамын Жазык кодексинин 244-беренеси боюнча шектүү деп өзгөрткөн.

«Мен азыр ИИМдин Тергѳѳ башкармалыгында жактоочумду күтүп олтурам. Мени прокурор Джамшитов күбѳдѳн шектүүгѳ «Массалык башаламандык уюштуруу» 244 беренеси менен  элге акча таратып, аларды кызматкерлерди сабоого буйрук берүү менен ЖК депуттатыгына берген антымды буздум деп айыпталуудамын»,-деди Карамушкина

Анын айтымында, эч кандай далил кѳрсѳтүлгѳн эмес.

Ирина Карамушкина бул беренени «Массалык башаламандык уюштуруу» деп жазган. Бирок Жазык кодексинде бул берене «Адамды барымтага алуу» деп көрсөтүлүп турат.

Бул боюнча Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги комментарий бере элек.

Ал эми Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында Карамушкина ушу тапта ИИМдин Тергөө башкармалыгында суракта отурат.

Ирина Карамушкина 2007-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын санаалаштарынын бири. Ал 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда Кой-Ташта болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/karamushkina-kbdn-shektg-tb



Добавить комментарий