"Раим миллион" Кыргызстандан чыгып кеттиби?
Райымбек Матраимов өлкөдөн сыртка чыгып кетти деген маалымат калп. Бул тууралуу анын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов фейсбуктагы баракчасына жазды.
Депутат кесиптеши Ирина Карамушкинанын айтканын төгүнгө чыгарган.
- Кесиптешим Ирина Карамушкина “Райымбек Матраимов үй-бүлөсүн алып, Кыргызстандан чыгып кетти” деген жалган маалымат таратты. Бүгүнкү күндө биздин үй-бүлөгө карата, каалагандай жалааны жабыштыра берсе болот деп жатышат окшойт. Анын айткан сөзү калп экенин билдирем, - деп билдирүү калтырган.
Кечээ кечинде КСДПчу депутат, Атамбаевдин жакын тарапташы Ирина Карамушкина Бажынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов үй-бүлөсүн алып өлкөдөн чыгып кеткенин фейсбуктагы баракчасына жазган болчу.
- Раим Матраимов 4 күн мурда үй-бүлөсү менен өлкөдөн сыртка учуп кетти. Эми анын “калкалоочусу” качан учуп кетээр экен, күтө туралы..., - деген таризде билдирүү калтырган болчу.
Эске сала кетсек, Бажыдан чыгарылган миллиондор тууралуу маалыматтар боюнча “Азаттык” радиосунун,”Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү “Kloop” маалымат агенттигинин биргелешкен кезектеги иликтөөсү жарыкка чыкты.
Иликтөөдө Кытайдан чыгарылган жүктөр мыйзамсыз жолдор менен Кыргызстан аркылуу Өзбекстан, Казакстан, Орусиянын ири базарларына өткөрүлүп турганы айтылган.
Эки апта мурда Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык уйгур ишкери Айеркен Саймаити Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу маалыматтарды журналисттерге өзү айтып берген.
Ссылка: https://barometr.kg/raim-million-kyrgyzstandyn-chygyp-kettibi
Добавить комментарий ×