Карамушкина Иса Өмүркуловду партиянын лидерлигинен алуу сунушун киргизди. Бирок аны эч ким колдогон жок
Депутат Ирина Карамушкина Иса Өмүркуловду КСДПнын лидерлигинен алуу маселесин күн тартибине киргизүү керектигин сунуштады. Бул тууралуу ал КСДПнын бүгүнкү 16-ноябрдагы жыйындын башында билдирди. Ал эми Иса Өмүркулов саясий кеңештин протоколун, жыйынга кимдер катышканыдыгы тууралуу тизме бергиле деп талап койду. Жыйында Ирина Карамушкина менен Иса Өмүркулов айтышып кетишти. Депутат Асылбек Жээнбеков бул жерде бардыгы добуш аркылуу чечилерин белгилеп, эч кандай талаш-тартыштын кереги жок экенин айтты.
Добуш берүүдөн Карамушкинанын сунушу колдоо тапкан жок. Жыйынтыгында Ирина Карамушкина залдан чыгып кетти.
Эске салсак, КСДПнын саясий кеңеши быйыл 31-октябрда Иса Өмүркуловду партиянын катарынан чыгаруу чечимин кабыл алган. Буга Иса Өмүркулов партиянын мыйзамдарын бузбагандыгын айтып, бул чечим мыйзамсыз, күнөөм жок деп жыйын өткөргөн.
Добавить комментарий ×