Караколдо коомдук транспорт менен базарлар жабылды
Бөлүшүү:
Каракол шаарынындагы коронавирустук инфекциянын пайда болушун жана алдын алуу боюнча штабы бир катар чечимдерди кабыл алды.
Алар төмөнкүлөр:
1. Каракол ш. ичиндеги жана райондор аралык маршруттук каттамдардын ишмердүүлүгү токтотулсун;
2. “Макиш” базарындагы азык-түлүк катарларынан башка бардык базарлар жана соода түйүндөрү жабылсын, көрсөтүлгөн жайларда дезинфекция иштери өткөрүлсүн;
3. 20 орунга чейинки коомдук тамактануу жайларынын иштөө убактысы 19-00гө чейин кыскартылсын, 20 орундан жогору кафе, ашканалар жабылсын.
21-март саат 9:00гө алынган маалымат боюнча Кыргызстанда 12 кишиден вирус табылды.
Ссылка: https://barometr.kg/karakoldo-koomduk-transport-menen-bazarlar-zhabyldy
Добавить комментарий ×