Карабахта согуш учурунда курман болгон 1184 адамдын сөөгү табылды
Таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын мамлекеттик Өзгөчө кырдаалдар кызматы издөө иштерин улантууда. Бул тууралуу “РИА Новости” жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Башкармалыктан билдиришкендей, издөө иштеринин жыйынтыгында, 2021-жылдын 4-январына карата жалпы жарандардын сөөктөрүн кошкондо 1184 адамдын сөөгү табылган.
3-январда 20 адамдын сөөгү табылган, кечээ, 4 – январда 9 адамдын сөөгү табылды анын үчөө жөнөкөй жарандар (эки аял, бир эркек).
Өткөн жылдын сентябрында Тоолуу Карабахта кайрадан согуш аракеттери башталган, бул узак мөөнөттүү жаңжалдын уландысы болуп, карапайым калк арасында жоготууларга алып келген. Тараптар элдешүү келишимин түзүүгө бир нече жолу аракет кылышкан, бирок 9-ноябрдан 10-ноябрга караган түнү жетишилген үч тараптуу келишим ийгиликтүү болуп согуш токтотулган. Москванын ортомчулугу менен Азербайжан менен Армения ок атышууну толугу менен токтотууга жана туткундарды жана каза болгондордун сөөгүн алмаштырууга макулдашышкан. Ереван ошондой эле Келбажар, Лачин жана Агдам райондорун Бакуга өткөрүп берди. Мындан тышкары, россиялык бейпилдик күчтөрү аймакты көзөмөлдөп турушат.
Ссылка: https://barometr.kg/karabahta-sogush-uchurunda-kurman-bolgon-1184-adamdyn-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×