“Кара жолтой” аялдын белгилери кандай болот?

29 март 2019 16:00 23564 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Табиятынан өзгөчө күчкө ээ болгон аялдар болот. Алар акылдуу, сабырдуу, элден өзгөчөлөнүп жүрөт. Бирок мындай аялдар маанайына жараша айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн жашоосун өзгөртүп салышы ыктымал. Байыркы жазууларда мындай аялдарды “ведьма” деп коюшкан. Эл ичинде “мастан кемпирдей” болуп деген сөз да бар. Чындыгында эле бул аялдар коркунучтуубу же табият берген күчкө ээби жана алардын эмне өзгөчөлүктөрү бар? Бул боюнча barometr.kg талдап көрдү.

Төмөндө алардын өзгөчө белгилерине көз жүгүртүп сизде ошондой белгилер жокпу эске түшүрүңүз.

Мындай айымдар ай менен тыгыз байланышта болгонсуйт. Ай өзгөргөн сайын анын маанайы өзгөрүп турат. Кыскасын айтканда табияттагы болуп турган кубулуштарды абдан жакшы сезет.

Экинчиден алар абдан сезимтал болушат. Айлана-чөйрөнү, адамдары жакшы сезе билет.

Бул айымдар жаныбарларга өтө жакын болот. Ит, мышыктар аны айланчыктап, иттер каап албайт. Жылкылар дагы жакын болгулары келет. Кайсы гана жаныбар болбосун аялга жакындайт.

Чагылгандан таптакыр коркпой күндүн күркүрөгөнүнөн ырахат алат.

Жашоосунда интуициясы күчтүү иштейт жана таң калыштуу түштөрдү көрөт. Айрым боло турган окуяларды так айтып бергенге жөндөмдүү.

Жерге-сууга, табиятка жакын болот.

Сыйкырчылар, коркунучтуу нерселер тууралуу фильмдерди көргөнгө жакын келет.

Ошол эле маалда курбуларынан айырмаланып көп жылдык өмүрүн эбак жашап өткөндөй акылман болушат. "Кемпирди кичирейтип койгондой экен" деген сөз дал ушул айымдарга арналган.

Эгерде сизде сизде жогорудагы белгилердин бир нечеси болсо эмне кылуу керек?

Мындай аялдарда күчтүү энергия болгондуктан аны туура пайдалана билүүсү керек. Эгер жаман жагына алып башкаларга нааразы болуп, туура эмес иш-аракеттерди кылса жашоосу дагы жаман жагына өзгөрүп, эл арасында айтылып жүргөндөй кара жолтой аялга айланат. Мындай аялдар жүргөн жерде жакшы нерсе болбойт. Ал эми ушул эле табият берген күчүн жакшы багытка жумшаса ак жолтой аялга айланарын байыркы жазууларда жазып келишет. Мындай аялды алган эркектин “иши жүрүшүп ити чөп” жейт. Ошондуктан дайыма берилген күчтүү туура жагына колдонууга аракет кылып, илим-билим алып аны өнүктүрүү кажет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kara-zholtoj-ayaldyn-belgileri-kandaj-bolot



Добавить комментарий