Кара-Суудагы жол кырсыгынан 5 адам жаракат алды

23 август 2018 03:00 1270 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жылкелди айылында болгон жол кырсыгында 5 киши жаракат алды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. 

Маалым болгондой, жол кырсыгы кечээ 21-августта болгон. Анда «Жигули» үлгүсүндөгү унаа менен каршы тилкеде келе жаткан «Дэу Матиз» унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочулары жана «Дэу Матиздин» жүргүнчүлөрү жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-suudagy-zhol-kyrsygynan-5-adam-zharakat-aldy



Добавить комментарий