Кара-Сууда короодогу унааны айдай качкан жаран кармалды (Сүрөт)
Кара-Сууда короодогу унааны айдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Окуя, 3-июль күнү катталган. Анда Кара-Суу районунун Фуркат айылынын тургуну укук коргоочуларга арыз менен кайрылган. Анда короодо токтоп турган унаасын белгисиз адам айдап качканын айткан.
“Короосу тосулган дубалдан ашып өтүп, терезе аркылуу үйдүн бөлмөсүнө кирип, терезеде турган ачкычты алып, турак-жайдын гаражында турган күмүш түстөгү “Лексус GX 470” үлгүсүндөгү авто унаасын жашыруун түрдө айдап качкан”, - деп айтылат маалыматта.
Окуя Кара-Суу РИИБдин КЖБР катталып, КРнын ЖКнин 206-бер.(Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) негизинде сотко чейинки өндүш иши башталган.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам жүргүзгөн иш чараларынын негизинде авто унааны айдап жүргөн жеринен Отуз-Адыр айылынын тургуну 1998-ж.т Г.А кармалды. Ал жеӊил акча табуу масатында мындай ишке барганын билдирди.
Кылмышка шектүү учурда Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалы жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-suuda-koroodogu-unaany-ajdaj-kachkan-zharan-karmaldy-srt
Добавить комментарий ×