Кара-Сууда ири жол кырсыгы болуп, жети адам каза тапты
Бөлүшүү:
Кара-Суу районунда болгон жол кырсыгынан жети адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Аталган маалыматка таянсак, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында болгон. Үч унаа - КамАЗ, Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унаалары кагылышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча алганда жети адам каза тапты - үч эркек жана төрт аял.
Дагы алты адам Ош областтык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилди, үч бала балдар ооруканасына жаткырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-suuda-iri-zhol-kyrsygy-bolup-zheti-adam-kaza-tapty
Добавить комментарий ×