Кара-Сууда ири жол кырсыгы болуп, жети адам каза тапты

16 ноября 2021 15:14 1857 Barometr
Поделиться в:
ok

Кара-Суу районунда болгон жол кырсыгынан жети адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Аталган маалыматка таянсак, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында болгон. Үч унаа - КамАЗ, Mercedes-Benz Sprinter  жана Daewoo Nexia унаалары кагылышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча алганда жети адам каза тапты - үч эркек жана төрт аял.

Дагы алты адам Ош областтык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилди, үч бала балдар ооруканасына жаткырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-suuda-iri-zhol-kyrsygy-bolup-zheti-adam-kaza-tapty



Добавить комментарий