Кара-Кулжа дайрасына түшүп кеткен адам каза тапты
Бөлүшүү:
Ош областындагы Кара-Кулжа дайрасына 1991-жылы туулган жаран түшүп кетип каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги берген маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Кырсык 23-июнда Кара-Кулжа айылынын тушунан агып өткөн дайрада болгон.
24-июнь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 14 куткаруучу тартылып, саат 09:10до маркумдун жансыз денесин табышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-kulzha-dajrasyna-tshp-ketken-adam-kaza-tapty
Добавить комментарий ×