“Кара козу карын” оорусун жуктуруп алгандардын саны 40 миңден ашты
Индияда “кара козу карын” оорусу 40,8 миң адамдан табылып, үч миңден ашык жаран көз жумду. Бул тууралуу Индиянын Саламаттыкты сактоо министри Харш Вардхан билдиргенин РИА Новости маалымдады.
“Казу карын инфекциясынан каза тапкандардын саны 3129 учур болду, жалпысынан 40 845 учур катталды, анын ичинен 31 344 бейтапта мурун, дем алуу органдары жана мээ жабыркаган”,-деп айтты ал брифинг маалында.
Бул оору менен тумоологондордун көп бөлүгү Махараштра, Керала, Тамилнад, Батыш Бенгалия жана Одиша шаттарында катталды.
Мукормикоз же болбосо “кара козу карын оорусу” аты айтып тургандай козу карын инфекциясынан улам пайда болгон дарт. Аталган илдет айрыкча кант диабети менен ооругандар жана иммунитети төмөн адамдар үчүн коркунучтуу.
Аталган оору Россияга да таркай турганы маалымдалууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-kozu-karyn-oorusun-zhukturup-algandardyn-sany-40-miden-ashty
Добавить комментарий ×