Кара-Буурада фасоль уурдоого шектелген жаран кармалды

31 январь 2022 12:45 720 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кара-Буура айылы Жаңы-Жер айылынын  1978-жылы туулган тургуну “Алейна” фирмасынын кызматкери Кара-Буура РИИБне арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Анда аталган фирмадан 5 кап фасоль дан азыгы  уурдалган деп билдирген. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. 

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш алып барууларынын негизинде уурулук кылмышына шектүү жаран кармалган. 

Ал Кызыл-Адыр айылынын тургуну жана буга чейин дагы 2 тоннага жакын фасоль дан азыгын уурдап келгендиги  аныкталган. 

Учурда шектүү 1997-жылы туулган Ш. Ш. Кара-Буура РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/kara-buurada-fasol-uurdoogo-shektelgen-zharan-karmaldy



Добавить комментарий