Жумабеков: Кара-Буура райондук ооруканасын тез арада бүткөрүү зарыл (Сүрөт)

15 сентябрь 2020 16:24 641 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Буура райондук ооруканасына барып, жакында ачылышы күтүлүп жаткан жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Белгилей кетсек, оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү көп сандагы оорулууларды кабыл алууга жана жаңы медициналык жабдууларды жайгаштырууга ылайыксыз болгон. Ал эми жаңы курулуп жаткан имарат бардык талаптарга жооп берип, керебеттердин санын кыркка чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.  

Төрага Дастанбек Жумабеков жергиликтүү жетекчилерди өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алып, оорукана имаратын тез арада бүткөрүп колдонууга берүүгө чакырды. Муну менен катар тиешелүү маселелерди чечүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.  

Ошондой эле медициналык кызматкерлер менен болгон жолугушууда төрага коронавирус илдети менен күрөшүүдөгү көрсөткөн күжүрмөн эмгеги үчүн аларга ыраазычылык билдирди. Андан сырткары, саламаттыкты сактоо тармагы реформаланарын айткан Дастанбек Жумабеков медицина кызматкерлеринин эмгек шартын жакшыртуу жаатында Өкмөт тарабынан алгылыктуу аракеттер көрүлүп, республика боюнча ооруканаларды оңдоо жана куруу иштери жигердүү жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.  


Ссылка: https://barometr.kg/dastan-zhumabekov-kara-buura-rajonduk-oorukanasynan-kabar-aldy-srt



Добавить комментарий