Кыргызстанда көмүрдүн баасы кымбаттады

15 ноябрь 2019 13:55 2040 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда ноябрдын акыркы эки жумасында көмүрдүн бир тоннага болгон баасы октябрь айына салыштырмалуу 126.38 сомго (2.8%) өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт.

14-ноябрга карата берилген маалыматта 1 тонна көмүргө болгон орточо баа  Кара-Суу шаарында - 8,4 миң сомду, Баткен облусунда - 7,4 миң сомду, Ноокат районунда - 7,2 миң сомду түзөт.

Ал эми минималдуу чекене баа Чаек айылында катталган. Анда бир тонна көмүрдүн баасы - 2,5 миң сомду түзөт. Нарын шаарында - 3,5 миң сом, Балыкчы шаарында - 3,6 миң сом турат.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-altyndyn-baasy-kymbattady



Добавить комментарий