Кыргызстанда көмүрдүн баасы кымбаттады
Поделиться в:
Кыргызстанда ноябрдын акыркы эки жумасында көмүрдүн бир тоннага болгон баасы октябрь айына салыштырмалуу 126.38 сомго (2.8%) өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт.
14-ноябрга карата берилген маалыматта 1 тонна көмүргө болгон орточо баа Кара-Суу шаарында - 8,4 миң сомду, Баткен облусунда - 7,4 миң сомду, Ноокат районунда - 7,2 миң сомду түзөт.
Ал эми минималдуу чекене баа Чаек айылында катталган. Анда бир тонна көмүрдүн баасы - 2,5 миң сомду түзөт. Нарын шаарында - 3,5 миң сом, Балыкчы шаарында - 3,6 миң сом турат.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-altyndyn-baasy-kymbattady
Добавить комментарий ×