Кар аралаш жаан жаайт. Жумага карата аба-ырайы
Көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облусунда 0…+5 градус жылуу, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +3…+8 градус, Нарын аймагында —5…-10 градус суук болушу күтүлөт.
Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы Бишкекте +3…+5, Ошто +5…+7 градус жылуу болору болжолдонду.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Ссылка: https://barometr.kg/kar-aralash-zhaan-zhaajt-zhumaga-karata-aba-yrajy
Добавить комментарий ×