Капчыктан 20 миң сом таап алып ээсине кайтарып, сүйүнчүгө 75 миң доллар алды

2 апрель 2019 15:45 24459 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Бул таң калыштуу окуя Кытайда болду. Тан Шаолун аттуу жаран эки жаштагы уулун Цзинань шаарындагы ооруканага операция жасатууга  алып келген. Баланын жүлүн мээсине операция жасашмак, атасы ага донор болмок. Операцияга 400 миң юань болжол менен 3,9 миллион сом керектелмек. Тан анын жарымын гана карыздап чогулткан. Окуя кызыктуу өңүттө уланды”,-деп жазат South China Morning Post булагы.

Тан дарыгерлерге 200 миң юань берген, бирок аны да карызга алып кантип төлөрүн ойлонуп тобокелге бел байлап отурган.

22-мартта ал клиникадан чыгып, уулуна азык-түлүк  сатып алганы бара жатып капчык таап алган, анда 20 миң юань, банк карточкасы жана айдоочулук күбөлүк болгон.

Тан канчалык капчыкты алып алайын деп ойлоп, бирок ичинен  макул болбой капчыктын ээси Дин Илун деген фермер экенин билгенден кийин кайтарып берүүнү чечкен.

Дин ага ыраазылык билдирип, сыйлыкка эмне сурарын айткан. Тан баласынын мээсин операцияга кылууга бир аз каржылык көмөк берүүнү өтүнгөн.

Жоголгон капчыктын ээси анын складында 200 тонна кызылча бар экенин, аны май айына чейин сатып түгөтүшү зарыл экенин айткан жана андан түшкөн акчаны операцияга ал деп сунуштаган. Ошентип кызылчалар ийгиликтүү сатылып  26-мартта 500 миң юань табышты, аны долларга айлантканда 75 миң доллар болду.

Учурда акчасы кеңейген ата-бала операцияга даярданууда. Бул окуяны уккан миллиондогон окурмандар алардын аман-эсен айыгып чыгышын тилешүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kapchyktan-20-mi-som-taap-alyp-eesine-kajtaryp-sjnchg-75-mi-dollar-aldy



Добавить комментарий