Каныбек Иманалиев: Атамбаев антын бузду

27 июнь 2019 18:28 22569 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Жогорку Кеңештин депутаты, экс-президентти кол тийбестик укугунан ажыратуу боюнча атайын комиссиянын башчысы Каныбек Иманалиев мурдагы өлкө башчыс Алмазбек Атамбаев тууралуу парламентте өз пикирин билдирди.

“Комиссиянын төрагасы болгондон кийин мага көп кесиптештери кайрылып Атамбаев менен жеке талаш-тартышыңыз барбы деп сурап жатышат.Таптакыр жок деп айтат элем.Бирок экс-президенттин үч маселеси бар. Биринчиден, өзү түзгөн партиясы менен, экинчиден өзү баштап жетекчи болуп, өзү кол койгон үч кодекс-Кылмыш кодекси, Кылмыш-жаза кодекси жана Жосундар боюнча кодексте маселе бар. Өзү кол койгон кодекстер өзүнүн кыймыл-аракетине туура келет.Үчүнчү маселеси акыркы жети жылда сотторду дайындоону, бошотууну, тандоону өзү чечкен. Демек ал бүгүн, кыргыз элине, кыргыз парламентине, Башкы прокуратурага, өкмөткө доо айта албайт. Доону өзүнө айтыш керек.Өзү кол койгон кодекстерге айтыш керек жана өзү дайындаган сотторго айтыш керек.Таластык туугандар, нарындык туугандар жөнүндө эмне деди эле? Элдин бүтүндүгү менен биримдигин камсыз кыла алдыбы?”,-деп билдирди Иманалиев.Анын сөздөрүн толугу менен жогору видеодон уксаңыз болот.

Эскерте кетсек, бүгүн 27-июнда Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратты. Мындай чечимди 103 депутат жактырса, 6 депутат каршы болду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kanybek-imanaliev-atambaev-talastyk-tuugandar-zhnnd-emne-dedi-ele



Добавить комментарий