Канттагы базанын жер тилкесин оңдоп түзөө үчүн Россияга өткөрүп берилди
Кыргызстандын парламенти Россиянын Канттагы авиабазасы боюнча протоколду 3-окууда ратификациялады. Ага ылайык, авиабазанын учуу-конуу тилкеси оңдоо үчүн Россиянын менчигине өткөрүлүп берилди.
Авиабазанын макамы жана шарттары жөнүндөгү протокол ага чейин Жогорку Кеңештин комитетинде үч жолу каралбай калган жана коомчулукта талашка түшкөн.
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев авиабазанын учуу-конуу тилкеси оңдолгондон кийин Орусияга өткөнү менен анын алдындагы жер кыртышы Кыргызстандын ээлигинде каларын айтты.
Ратификация болгон протоколуна ылайык, базанын учуу-конуу тилкесин 2 миллиард рублга оңдош үчүн аны сөзсүз түрдө орус тараптын менчигине өткөрүү зарыл.
Ссылка: https://barometr.kg/kanttagy-bazanyn-zher-tilkesi-odop-tz-chn-rossiyaga-tkrp-berildi
Добавить комментарий ×