Канье Уэст дем алган аба 3 миң долларга сатыкка коюлду

24 июль 2021 12:44 520 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 23-июлда eBay соода аянтында ырчы Канье Уэсттин жаңы альбомунун ачылышындагы аба толтурулган пакет-зиплок сатыкка коюлду. Бул тууралуу “Баромтер” маалымдайт.

Абанын баасы 3333,33 доллар жана жеткирүү акысына 4 доллар деп белгиленген. 

Бул Каньенин фанаты “таңгакталган” абаны сатууга аракет кылган биринчи учур эмес, 2015-жылы дагы кайсы бир фанат Ye's Yeezus Tour турнесиндеги аба деп ушиндай “баштыкчаларды” сатып 60 миң доллардан ашык акча тапкан.

“Lad Bible” басылмасы берген маалыматка таянсак, Канье Уэсттин Donda деп аталган жаңы альбомунун бет ачары фанаттарга жага  тургандай өткөн.

Donda альбому 2007-жылы 58 жашында пластикалык операция учурунда каза тапкан Уэсттин апасы Донданын урматына арналган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kane-uest-dem-algan-aba-3-mi-dollarga-satykka-koyuldu



Добавить комментарий