Шоу бизнестин алдыңкы жигиттери мурда кандай эле азыр кандай болуп өзгөрүштү?
Кандай гана жумуштун башын баштабайлы баари бир эң алгач ар бир адам ката кетириши, адашышы же болбосо туура эмес багытка түшүшү да мүмкүн. Бул маселеден шоу-бизнестин өкүлдөру да четте калбаган. Шоу бизнестин өкүлдөрүнүн айымдары алгач сахнага чыга баштаганда таптакыр башкача стил башкача имидж, башкача келбет менен таанылса убакыт өткөн сайын “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей өзүн толугу менен өзгөрткөн ырчыларыбыз четтен саналат. Аталган жагдайда сөз кыздар тууралуу эле эмес мырзаларга да түздөн-түз тиешелүү десек болот. Barometr.kg сайты шоу бизнестин таанымал болгон айрым мырзалардын мурда жана азыр канчалык өзгөргөнүн тизмектеп көрдү.
Султан Садыралиев
Кыргыз эстрадасында Султан Садыралиев деген ысым 2006-жылы таанымал боло баштаган. Ырчынын көптөгөн кыздарды сыздатып, бир катар күйөрмандардын жүрөгүнөн жай таба алган. Ал кезде Султандын “Жөнөкөй жигит” “Сүйүү тамчысы” “Кан досум” аттуу ырлары көптөгөн Кыргызстандыктардын сүйүктүү ырларына айланган. Садыралиев чыгармачылык жолун ийгиликтүү улантып келет, бирок ырчы ортодо сахнадан бирз убакытка алыстап кеткен учурларда болбой койгон жок. Ырчы “Кыргыз бийи” ырын 7 областы кыдыра тартып мамлекеттик деңгээлдеги мыкты клип жаратты. Султан Садыралиев эң алгач сахнага чыккан кезде арык чырай жигит болсо убакыт өтүп жашына жаш кошулган сайын салмак топтоп алды. Ырчы учурда үй-бүлөлүү, 2 уул 1 кыздын атасы.
Нурлан Насип
Нурлан Насип деген ысым 2008-жылдан бери белгилүү. Ырчы эң алгач сахнага "Жаным" аттуу ыры менен чыккан. Ал учурда ырчы, обончу, мелодист катары таанымал. Репертуарында 60дан ашык ыр, 40тай клип бар. Нурлан Насип кесиптеши Асель кадырековага 2018-жыл баш кошуп, үстүбүздөгү жылдын март айында Дария аттуу кыздуу болушкан. Нурлан Насип алгач чыккандагы образын, стилин сактоого аракет кылып келет. Ырчы жадакалса ортосу ачылып турган тиштерин эл кандай талкуу кылган күндө да аларды өзгөртпөй турганын билдирген.
Максат Садырбеков
Максат Сыдырбеков көпчулүккө Макс каймана аты менен таанымал болгон. Ал алган Чолпон Талипбек менен “Non Stop” дутинде ырдап чыккан. Топ 2009-жылдан баштап ырдап чыга баштаган. Бирок ырчылар 2018-жылы дуеттин курамын жаңылайбыз деген чечим кабыл алышып экөө жеке ырчы катары кетишкен. Максат азыр дуеттен кеткенден бери сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиевага арнап ырдаган ыры хит болууга жетишти десек болчудай, бирок ага карабай көпчүлүк аны жеке ырчылыкка өткөндөн бери чыгармачылыктан алыстап кетти деген пикирлерин билдиришүүдө. Максат алгачкы чыккандагы стилине бир топ өзгөртүүлөрдү киргизди. Анын стилиндеги өзгөрүүлөрдү чач жасалгасынын өзгөрүүсүнөн так байкоого болот.
Мирбек Иманбеков
Мирек Иманбеков 2005-2006-жылдары сахнанын жылдызы болуп турган. Ырчы бойдок кезинде ага ашык болуп артынан эрчиген кыздар көп эле. Анын ар бир ырын сүйүп угуп, бетиндеги уячасына мас болгон күйөрмандары ырчыны жадакалса үйүнө чейин барышып, ар түрдүү кеп сөздөрдү ээрчиткен учурлар да болгон. Иманбековдун “Сүйүүнүн керемети” чыгармасы жаш кары дебей көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан. Учурда ырчы үй-бүлөлүү, 1 уул 1 кыздын атасы. Иманбеков сахнадан бир топ алыстап кеткендей кийин жакынкы күндөрү жаңы ырларды жаздырып, кайрадан угармандарын сүйүнтүп турган чагы.
Ссылка: https://barometr.kg/shou-biznestin-aldyky-zhigitteri-murda-kandaj-ele-azyr-kandaj-bolup-zgrsht
Добавить комментарий ×