"Кандай таң калыштуу". Илон Маск дүйнөнүн эң бай адамы болду

8 январь 2021 09:42 2167 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Tesla жана SpaceX компаниясынын башчысы Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адам болуп калды, анын байлыгы 188 миллиард доллардан ашты. Маск 2017-жылдан бери дүйнөнүн эң бай адамы болуп келе жаткан Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безостон ашып түштү.  Бул тууралуу Bloomberg сайтында жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Bloomberg Billionaires Index Масктын байлыгы болжол менен 188 миллиард долларга бааланганын жазды.

Маалым болгондой, Илон Маск 2020-жылды 27 миллиард долларлык байлыгы менен баштап, алдыңкы 50 орунга араң кирген. Бирок, бир жылдын ичинде анын байлыгы тогуз эсеге жогорулаган Tesla акцияларынын жогорулоосунун аркасында анын байлыгы эбегейсиз көтөрүлдү. Июль айында Маск Уоррен Баффеттен ашып өтүп, миллиардерлердин рейтингинде жетинчи орунду ээледи. Ал эми ноябрь айында Билл Гейтсттен да ашып өткөн. Tesla акциясынын өсүшү 2021-жылы дагы улантылган: январь айында компания жарым миллион электромобилдерди чыгаруунун жылдык планын аткаргандыгы жөнүндө рапорт берген.

Маск биринчи жолу дүйнөдөгү эң бай адамга айлангандыгы тууралуу твиттерде билдиришти. Буга ишкер эки твит менен жооп берди. Биринчиси: "Кандай таң калыштуу". Андан кийин: "Ооба, эми кайра жумушка киришели".

Ссылка: https://barometr.kg/kandaj-ta-kalyshtuu-ilon-mask-djnnn-e-baj-adamy-boldu



Добавить комментарий