Кандай эркек өз ара мамиледе көңүлдү калтырат?

21 октябрь 2022 12:15 5078 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык жактан кооптуу типаждар болуп саналган кылмышкерлер жана башка психикалык жактан жабыр тарткан адамдарды кошпогондо, айымдар кандай эркектер менен мамиле түзбөшү жана аларга турмушка чыкпашы керек?  barometr.kg бул тууралуу суроонун жообуз издеп көрдү.

Эгоист-өзүмчүл

“Ар бир эркек өзүмчүл” деген сөздү уктуңуз беле? Бирок баары эле андай болбойт. Болгону алардын арасында аялдын эсебинен өзүнүн баасын көтөргөн чыныгы-эгоисттер болот. Ошолордон абайлаңыз! Мындай адамдар менен мамиле түзгөн айымдар же анын жубайы болгон аялдын көңүлү көк таштай кала турганы анык. Алар өзүн дүйнөнүн борборундай сезип алат. Аял анын баардык каалоолорун аткарып турган кызматчысы сыяктуу өйдө карабай кызмат кылышы керек.

Дос

Эгерде аял менен эркек дос мамиледе болуп жүрсө, кийинчерээк жакын мамилеге өтүшсө мунун аягы  жакшы нерсе менен деле бүтпөйт.

Катынпоз

Мындай мырзалар менен мамиле түзүү аялдын бактысына балта чабууга алып келет. Ал бүгүн сизге жакшы сөздөрдү арнап мактап-жактап жатса, эртең башка айымдын жанында болуудан эч уялбайт. Ошондуктан мындай эркекке убакыт коротуштун же тагдырды байланыштыруунун кажети жок.

Аялы таштап кеткен эркек

Мындай мырзалардын таарынычы чоң болгондуктан кийинки мамиле турган аялды жарытылуу мамиле менен жыргатпайт. Баардык аялдар ага сатып кетчүдөй туюла берет.Мамилелер көптө түзүлүп, аягы жакшы бүтпөйт. Мамиле түзсө да эркек өзүн колго алып жакшы жагына өзгөрүшү керек.

Аялдарды жек көргөн эркек

Аялдардан такыр эле четтеген эркектер бар. Ошол эле маалда алар менен активдүү мамилесин куруп, аны менен катар  өзүнүн комплекстерин, коркунучтарын өзүнүн өнөктөшүнө, жубайын карата чыгарган эркектер бар. Алар менен мамиле кураган аял өзүн таптакыр басынтып алат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kandaj-erkek-z-ara-mamilede-kld-kaltyrat



Добавить комментарий