Канат Кадыржан: Бир тууган агам 7-8 жылдан бери дайынсыз, жардам сурайм

8 декабрь 2020 11:07 2429 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Продюссер, ди-джей Канат Кадыржан бир тууган агасы бир канча жылдан бери дайынсыз жок болуп жатканын айтып, коомчулуктан жардам сурады. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

“Эмнеге? Кандай кылсам болот? 7-8 жылдан бери жан дүйнөм сыздап келет. Бир тууган бакей тирүүбү же бул жашоо менен коштошконбу? Биз болсо сизди издебеген, сурабаган, барбаган жерибиз калган жок. Кабарыңызды билдириңизчи? Байкем жок же иним жок аны билесиз. Сиздин ордуңузду баса турчу ким болот?  Балким, келип калар деп узун жолду карай берем. Сизге окшош бирөө болсочу аттиң. Мындан бир нече күн мурда түшүмдө эч нерсе болбогондой учурашып жатыптырбыз. Урматтуу замандаштарым, бир тууган агам Кемелов Мирбекти издеп жатам. Араңызда көргөн, билгендер болсо кабарлап коюшуңуздарды өтүнөм”, - деп жазды ал.

Ссылка: https://barometr.kg/kanat-kadyrzhan-bir-tuugan-agam-7-8-zhyldan-beri-dajynsyz-bolup-zhatat-zhrgn-zherin-bilgender-bolso-zhardam-surajm



Добавить комментарий