Канаданын премьер-министринин аялы коронавируска кабылды

13 март 2020 09:39 744 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун аялы София коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Associated Press басылмасы жазды.

Өкмөт башчы буга чейин үй-бүлөсү менен 12-марттан тарта карантинге кеткен. Бирок анын өзүндө коронавирус жуккан эмес.

София Трюда 11-мартта Лондондон кайтып келгенден кийин, дене табы көтөрүлүп коронавируска мүнөздүү белгилер байкалган. Тест анда коронавирус бар экенин көрсөткөн.

Акыркы маалыматка ылайык, Канадада вирус жуккан 100дөн ашык учур катталды. Ал эми дүйнө жүзүндө вирус 131 647 кишиге жукканы расмий ырасталды.

Буга чейин америкалык актер Том Хэнкс аялы экөө дагы коронавируска кабылганы айтылган болчу. Жубайлар ушул тапта Австралияда жүрүшөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kanadanyn-premer-ministrinin-ayaly-koronaviruska-kabyldy



Добавить комментарий