Камерага тилин көрсөткөн ырчы Шакираны күйөрмандары шакаба чегүүдө - видео

4 февраль 2020 09:40 926 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Колумбиялык ырчы Шакира Супербоул оюнунун тыныгуу учурундагы музыкалык шоуда камерага тилин көрсөткөн. Ал учур эфирден кеткендиктен социалдык тармактарда көптөгөн тамаша, шакабага жем таштады.

Ырчы ырдап жатып аны караган камерага тилин көрсөтүп үн чыгарган болчу.


Күйөрмандар бул учурду куру кетирбей, ырчынын аракеттерине түрдүү күлкүлүү сүрөттөрдү, чакан видеолорду жарыялашууда.

Өзүн соцтармакта микроблогер shesvinyl деп атаган колдонуучу рахмат айтуу күнүндө союла турчу үндүк дал ушундай үн чагарат деп шакаба чекти.

Ал эми rach_revello аттуу колдонуучу "Аялдар сүйүктүүсүнүн адында тамакты тартынып жешет. Мен Шакиранын бул кылыгындай эле тамактан калган тарелканы жалап коём" деп жазган.

Америкада чыгуучу Mashable басылмасы Шакиранын тилин чыгарып үн чыгарышы араб өлкөлөрүндө кеңири жайылганын, майрамдарда аялдар дал ушундай аракеттер менен кубанычын билдирерин жазды.

Ссылка: https://barometr.kg/kameraga-tilin-krstkn-yrchy-shakirany-kjrmandary-shakaba-chegd-video



Добавить комментарий