Камчыбек Ташиев Өмүрбек Бабанов менен кайрадан биригет

27 март 2019 09:29 1474 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парламенттин экс-депутаты Камчыбек Ташиев качып жүргөн саясаты Өмүрбек Бабанов менен бирге түшкөн сүрөтүн социалдык түйүндөгү баракчасына жайгаштырды.

«25.03.19.Баардык жакшы нерселер эми башталып жатат! Жакында көрүшкөнчө!” деп жазды Ташиев. Сүрөткө болжол менен Москвада түшкөн болуулары ыктымал. 

Эскерте кетсек, 21-мартта Өмүрбек Бабанов кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, “Жакында көрүшкөнчө” деп жазган.

Эми бул фразаны Ташиев кайталады.    

Ошондой эле Бабанов Кыргызстанга 10-апрелде кайтып келет жана аэропорттон аны миңдеген тарапташтары тосуп алат деген маалыматтар айтылууда.

2015-жылы  Бабанов жетектеген “Республика” партиясы жана Ташиевдин “Ата журт” партиясы парламенттик шайлоого "Республика-Ата Журт" деген аталыш менен чыккан.

Бирок тандем бир жылга жеткен эмес.

“Ташиев Адахан Мадумаров жана Ахматбек Келдибеков менен бириккендиктен Бабанов "Республика-Ата Журт" тандемин токтотууну чечти. Эми эки партия эки бөлөк болот. Бирок "Республика-Ата Журт" фракциясында эч кандай өзгөрүү болбойт”,-деп билдирген 2016-жылы ноябрь айында аталган фракциянын депутаты Руслан Казакбаев.

Бирок бул сүрөттөн кийин Бабанов-Ташиев тандеми кайра башталган го десек болот.

Ссылка: https://barometr.kg/kamchybek-tashiev-mrbek-babanov-menen-kajradan-biriget



Добавить комментарий