Камчыбек Ташиев: Мен Баткенге жөнөп жатам, ата- бабалардын жерине кол тийгизбейбиз!

14 март 2019 12:04 3021 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Баткен жергесиндеги талаш жер үчүн баарына даярмын!” деген белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиев  бүгүн, 14-мартта Баткен областына жөнөп жатканын фейсбуктагы баракчасына маалымдады. 

“Урматтуу Кыргыз элим! Баткен жергесиндеги талаш жер үчүн баарына даярмын!

Кээ бирөөлөр айтышы мүмкүн "пиар" деп, бирок мен эч качан пиар менен жашаган эмесмин, мен үчүн Кыргызстанымдын ар бир метр жери ыйык жана маанилүү. Мен Баткенге жөнөп жатам, бийлик мурдагыларга окшоп эле эч нерсе чече алышпайт. Жер,Эл бизге керек, менин, сенин урпактарына керек! Ата Бабалардын жерине кол тийгизбейбиз!!!”,-деп жазды Камчыбек Ташиев өзүнүн баракчасына.

Эскерте кетсек, кечээ, 13-мартта Кыргызстандын Баткен областынын Аксай айылынын тургундары менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосундагы чатак чыккан. Чатактын келип чыгышына Аксай-Тамдык  айланма жолунун курулушу себеп болгон. 70тей тажик жараны жана 50дөй кыргызстандыктар бири-бирине таш ыргытышкан.

Мамлекеттик чек ара кызматы берген маалыматка таянсак, учурда чек-арадагы жагдай салыштырмалуу туруктуу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kamchybek-tashiev-men-batkenge-zhnp-zhatam-ata-babalardyn-zherine-kol-tijgizbejbiz



Добавить комментарий