Камчыбек Ташиев: Кыргызстанды бир топ адамдар ичтен иритип жок кылат

2 декабрь 2019 19:38 5924 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев Искусство музейиндеги чуулуу Feminalle көргөзмөсү тууралуу пикирин билдирип, бир топ адамдарды айыптады.

Бул тууралуу Ташиев фейсбук баракчасына жазды.

Урматтуу уюткулуу Кыргыз элим!

Бизди, мамлекетти, кыргызды ичинен ириткен ушул акмактар, гей-пей, ошолорду баштаган колдогон чоң кызматтарда иштеп жүргөн бир топ адамдар жок кылат!

Мамлекетти сактап, каада-салты, тарыхы жана келечеги менен кийинки муундарга өткөрүп берүү биздин милдетибиз. Колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөр менен күрөшүшүбүз керек.

Мамлекет башчыбыз, укук коргоо органдары чара көрүңүздөр, бул жерде элдин тагдыры турган жерде жумшактыктын кереги жок. Колдон келбесе, дух жетпесе, анда айткыла жардам беребиз. Кыргыз элибиздин келечеги үчүн тобокелчиликке барууга даярбыз.

Чочулабагыла бул шпиондордон, элибиз колдоп алат!!!”, - деп айтылат Ташиевдин билдирүүсүндө.

Эске сала кетсек, 28-ноябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт искусство музейинде “Кормилица” деп аталган Эл аралык заманбап искусство Feminalle көргөзмөсү өткөн.

Иш чара аялдардын экономикалык жактан эркиндиги, алардын укуктары жөнүндө коомчулуктун көңүлүн буруу негизги максат кылган.

Көргөзмөдө «Перфоманс Julie Savery» уюштурулуп, анда аялдар жылаңач басып, акырындан эл алдында кийинишкен. Бул аялдардын укуктарын коргоо болгон.

Бул кыргыз коомчулугунда катуу сынга алынууда.

Окуяга байланыштуу аталган музейдин директору Мира Жангарачева кызматынан кеткенин жар салды.

Ссылка: https://barometr.kg/kamchybek-tashiev-kyrgyzstandy-roza-otunbaeva-bashtagan-bir-top-adamdar-ichten-iritip-zhok-kylat



Добавить комментарий