Камчыбек Ташиев: Чыккынчы, саткындарды, коркокторду жана саясий сойкуларды Баткенге жибербегиле!

17 сентябрь 2019 14:50 2845 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саясатчы Камчыбек Ташиев Баткендин Лейлек районунда чек арада кечээ болгон окуяга карата пикирин билдирди.

Бул тууралуу ал өзүнүн facebook баракчасына жазды. Экс-депутат, экс-министр элди сабырдуулукка чакырат. Маселени бийлик чечиши керектигин айтып, элди мамлекеттик бийликке ишенүүгө үндөйт.

Баарыбызга сабырдуулук керек. Биз мамлекети, президент жана бийлик ээлери бар элбиз. Мамлекетти, элди жерди сактоо, коргоо ошолордун түздөн-түз милдети. Ошондуктан биз аларга ишенүүгө мажбурбуз. а эгерде чече алышпаса, анда башка сөз, иш болот.
Бирок чыккынчыларды, саткындарды, коркокторду жана саясий сойкуларды ал жакка жибербегиле!
”, - дейт өз билдирүүсүндө.

 Камчыбек Ташиев ошондой эле, элдин тынчты жана мамлекеттин бүтүндүгү үчүн бардык кырдаалга даяр экенин кошумчалап, каза болгон чек арачынын үй-бүлөсүнө жакындарына көңүл айтат.

Ссылка: https://barometr.kg/kamchybek-tashiev-chykkynchy-satkyndardy-korkoktordu-zhana-sayasij-sojkulardy-batkenge-zhiberbegile



Добавить комментарий