Камчыбек Ташиев: Бабановдон бир сом алсам Кудай мени катуу жазалай көр!
Саясатчы Камчыбек Ташиев президенттикке экс-талапкер Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келбей калышына байланыштуу өз оюн Фейсбук социалдык түйүнүндөгү баракчасына бөлүштү.
“Туура эле кылыптыр! Москвага барганымда Өмүрбек менен бир гана жолу сүйлөшкөнбүз, ал маалда өзү эле келе турган болгон, анын ою таза болгон,"мен актыгымды далилдеймин" деп гана айтканын уккам жана колдогом, андан кийин анын келиши, ким кантип тосуп алышы же штабындагы уюштуруу иштери боюнча бир да адам менен катышып сүйлөшпөдүм эле, кийин эле эл топтолот болуп кетти, ушулардын баарын көрүп туруп элдин тынчтыгын бузуп албайын десе керек, өзүнө зыян болсо да, элди мамлекетти ойлоду, мүмкүн Өмүкенин өмүрүндөгү эң оор,бирок туура чечимдир, мен колдоймун, туура эле кылыптыр!”,-деп жазды Ташиев.
Ошондой эле Ташиев кечээ, 12-апрелде окурмандарга Бабановго байланыштуу дагы бир пост жазып кайрылган.
“Урматтуу окурмандар, эгерде Бабановдон 1 сом алсам же сүйлөшүп туруп туруп пресс-конференция берген болсом АЛЛАХым мени каттуу жазалай көр, ал эми гыйбат кылып, ушак тараткандарды кечир, ынсап бер акылдарына келишсин.Мен эч кимден коркпоймун, мага жасап жаткан кысымды да айтпаймын.Элибиз ынтымак, мамлекетибиз тынч болсун!”,-деп жазган ал.
Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга бүгүн,13-апрелде кайтып келмек.Бирок ал видео кайрылуу аркылуу кыргызстандыктарга жакында келе турганын айтып, бүгүнкү сапарын токтотконун маалымдады.
Ссылка: https://barometr.kg/kamchybek-tashiev-babanovdon-bir-som-alsam-kudaj-meni-katuu-zhazalaj-kr
Добавить комментарий ×