Жумушу жокторго иш таап берүүнү жеңилдеткен мыйзам долбоору каралууда

4 март 2020 10:20 556 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңеште мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты менен натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, жаӊылыктар, иш-чаралар, бош жумуш орду жөнүндө маалыматтар жүктөлчү автоматташтырылган Эмгек рыногунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жана «Zanyatost.kg» порталы ишке киргизилип, бардык маалыматтар каттала баштаганын билдирди.

Иштеп жаткан мыйзамдын жоболоруна ылайык, жумуш менен камсыз кылуу кызматына кайрылган жарандарды каттоо алардын туруктуу жашаган жери боюнча жүргүзүлөт, кыргыз жараны кайда туруктуу жашаса, ошол жер жарандын жашаган жери болуп саналат. Мындай жагдай ички мигранттардын абалына терс таасирин тийгизип, олуттуу тоскоолдуктарды жаратат. Ошондон улам, мыйзам “же турган жеринен” сөздөр менен толукталууда.

Мыйзамдагы “туруктуу жашаган жери” деген сөз “жашаган жери же турган жери” деген сөзгө алмаштыруу жарандарга өзүнүн жашаган же турган жерине карабастан ыйгарым укуктуу органдын каалаган аймактык бөлүктөрүнөн бош жумуш орундары жаатында маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, жумуш издеген жарандарды каттоо тартиби Өкмөт тарабынан аныктала турганы белгиленүүдө.

Депутаттар өкмөт өкүлдөрүн жогорку адистикке ээ кыргыз жарандарынын чет өлкөгө кетүү агымын басаңдатуу максатында, аларды өлкө аймагында алып калуу, эмгек акысы жогору жумуштарга орноштуруу аракетин жасоого чакырды. Ансыз өлкө экономикасын көтөрүү, калк турмушун жакшыртуу кыйын.

Белгилей кетсек, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, жумушсуздук Баткенде 9, Нарында 8,8, Ысык-Көлдө 8,4, Чүйдө 7,3 пайызды түзөт. Эмгек рыногунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жаңыдан ишке киргизилди, эми талдоо иштери жүргүзүлө баштайт. Азыр көбүнесе кара жумуштар сунушталып, маянасы орто эсеп менен 15 миң сомду түзөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kalkty-ish-menen-kamsyz-kyluuga-kmktsh-zhnnd-myjzam-karaldy



Добавить комментарий