Электрди үнөмдөш үчүн көчө жана жарнама жарыктары өчүрүлөт
Бөлүшүү:
Кыргызстанда кафелердин, дүкөндөрдүн, парктардын жана башка объектилердин көчөгө жана жарнамага күйгүзүлгөн жарыктары өчүрүлөт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Бул чаралар Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгынан улам келип чыгууда.
“Коомдук жайларда коопсуздук маселесине көңүл бурабыз. Ал эми жарыктын кереги жок жерлерди мисалы, баннерлер, жарнактар жана башкаларды өчүрөбүз”,-деп билдиришти энергохолдингден.
Ведомство бөлүштүрүү команияларына бул тууралуу рейддерди өткөрүү боюнча тапшырма берди.
Ссылка: https://barometr.kg/elektrdi-nmdsh-chn-kch-zhana-zharnama-zharyktary-chrlt
Добавить комментарий ×