Коронавируска байланыштуу калкка психологиялык жардам көрсөтүлүүдө

11 август 2020 12:49 2620 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавируска байланыштуу калкка психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Орто эсеп менен жума сайын 300гө жакын адам онлайн кеңешме алып алууда. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

“Коронавируска байланыштуу калкка медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү үчүн бир нече иш-чаралар каралган. Анда жардам көрсөтө турган уюмдардын жана адистердин тизмеси жарыяланып, дистанттык түрдө  жардам берилип жатат”, - деп билдирди Республикалык психикалык ден соолук борборунун директору Ураимжан Исмаилов.

Анын айтымында, пандемия учурунда жашоо образынын, психикалык саламаттагынын өзгөрүшү жөнүндө маалымат тактоо үчүн 3000ден ашуун респонденттер онлайн сурамжылоого катышкан.

Изилдөөгө катышкан респонденттердин 70%ында психикалык өзгөрүүлөр болгон эмес,  23%ы чоң эмес көйгөйлөрдү адистердин жардамы менен жеңсе болот дешкен,  калктын 3%ы кесиптик жардамга муктаж болсо, 0,4% респондентте олуттуу маселелер бар болуп жана аларга сөзсүз атайын психикалык жардам керек экендиги белгиленди.

 Аталган борбор тарабынан, карантин шартында психологиялык чыналууну басаңдатуу, тынчсыздануу жана ар кандай коркууларды азайтуу үчүн протокол иштелип чыккан.

“Орто эсеп менен жума сайын 300гө жакын адам онлайн кеңеш алып жатат жана бир бейтапка 3 - 20 сеанска чейин өткөрүү зарыл. Кайрылгандардын көбүндө, көңүл чөгүү, психикалык чыңалуу, уйкунун бузулушу, коркуулар жана кооптуу бузулуулар байкалууда. Ушундай эле, жардамды аралыкта өкмөт уюмдарынын жана менчик уюмдардын психолог адистери активдүү өткөрүп келүүдө", - деп кошумчалады Исмаилов.


Ссылка: https://barometr.kg/kalkka-psihologiyalyk-zhardam-krst-kandaj-bolup-zhatat



Добавить комментарий