Калк үчүн 15-сентябрдан тартып көмүр жеткирилет
Кыргызстанда калк үчүн 15 сентябрдан тартып көмүр жеткирилет. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 758 көмүр склады ачылды.
Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасынын баасы буга чейинки жылдардай эле 1330 сом болот. Баа саясаты КРнын Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тарабынан ишке ашырылууда.
Жалпысынан Кыргызстанга 3 млн тоннадан ашык көмүр керектелет. Негизинен алар ТЭЦ, калк жана мамлекеттик мекемелер үчүн колдонулат.Анын ичинде
Бюджеттик уюмдар - 242 333 миң тонна;
Калк - 1 миллион 125 миң тонна
ТЭЦ - 1 миллион 650 миң тонна көмүр керектейт.
Кыргызстанда 70тен ашык көмүр казып алуучу компаниялар иштесе, анын 41 толук кандуу иш алып барууда, акыркы 8 айда өлкөдө 1 337 346 тонна көмүр казылып алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/kalk-chn-15-sentyabrdan-tartyp-kmr-zhetkirilet
Добавить комментарий ×