Калк үчүн 15-сентябрдан тартып көмүр жеткирилет

7 сентября 2021 20:20 720 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда калк үчүн 15 сентябрдан тартып көмүр жеткирилет. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Аталган кабарга таянсак, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 758 көмүр склады ачылды.

Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасынын баасы буга чейинки жылдардай эле 1330 сом болот. Баа саясаты КРнын Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тарабынан ишке ашырылууда.

Жалпысынан Кыргызстанга 3 млн тоннадан ашык көмүр керектелет. Негизинен алар ТЭЦ, калк жана мамлекеттик мекемелер үчүн колдонулат.Анын ичинде

Бюджеттик уюмдар - 242 333 миң тонна;

Калк - 1 миллион 125 миң тонна

ТЭЦ - 1 миллион 650 миң тонна көмүр керектейт.  

Кыргызстанда 70тен ашык көмүр казып алуучу компаниялар иштесе, анын 41 толук кандуу иш алып барууда, акыркы 8 айда өлкөдө 1 337 346 тонна көмүр казылып алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/kalk-chn-15-sentyabrdan-tartyp-kmr-zhetkirilet



Добавить комментарий