Президентке жазган катка ИИМдин ардагерлери анын эмне тууралуу жазылгандыгына маани беришпестен колдорун коюшкан
Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган ички иштер органдарынын Ардагерлеринин кайрылуусу боюнча ИИМдин Ардагерлер Кенеши төмөндөгүлөрдү кошумча билдирет. ИИОнун миңдеген ардагерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине ардагерлердин атынан жазган К.Жунусовдун ой-пикирин колдошпойт. Аталган кайрылуу боюнча кол коюшкан ички иштер органдарынын ардагерлери Сабит Касенов, Шаршенбек Асакеев, Марьям Казакбаева жана Гуля Мандыбаевалар ИИМдин ардагерлер Кеңешине келип, өз ойлорун билдиришкен. Биринчиден, алар жактоочу К.Жунусовду жакшы таанышаарын, чогуу иштешкендерин, кайрылуудагы Ички иштер министрлиги тууралуу, Кой-Таш окуялары тууралуу, ошондой эле, Президентке карата айтылган сын-пикирлер тууралуу жазылгандарды окубай туруп, кол коюп беришкендигин билдиришкен. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын он миңден ашуун ардагерлери бир ууч ардагерлердин кайрылуусун жана анын автору болгон К.Жунусовдун ой-пикирин колдобой тургандыктарын ИИМдин Ардагерлер Кеңешине билдиришип, байма-бай телефон чалышып, каттарын жиберишип, өз нааразычылыктарын ачык айтып, аларды колдобой тургандыктарын ачык айтышууда.
Добавить комментарий ×