Кайрат Примбердиев чуу жараткан видеосу тууралуу билдирүү таратты
Ырчы Курал Чокоевдин этикага туура келбеген долбоору коомчулуктун катуу талкуусуна алынып, элдин тепкисине калды. Ал долбоорго ырчылар Кайрат Примбердиев жана Кайрат Кыргыз (Салмакеев) келип жаштарга терс таасир калтыра турган, сөздөр менен сөгүнүп сүйлөшкөн. Бул окуядан кийин ырчы Кайрат Примбердиев коомчулукка кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Өз кайрылуусунда ырчы Кайрат Примбердиев мындан чоң жаңылык кылып, резонанс жаратуунун кереги жок экенин айтат.
“Биз тетирисинче элибизди тоноп, сызга олтургузган чиновниктерди төргө олтургузуп сыйлап, бизге окшогондорду тепкилегенди жакшы көргөн элбиз.
Ал эми, бул Курал Чокоевдин долбоору. Бул берүү эми коомдук каналдан же болбосо радиодон берилген жок да. Анан да анын YouTube каналында ашып кетсе 1000ге жакын эле катталуучусу бар экен ошолор эле көрүштү. Албетте, долбоор жакшы иштелип чыккан эмес экен.
Ал эми, бул жаш балдарга терс таасирин тийгизет деп кооптонунун кереги жок. Анткени ата-эненин көзөмөлү деген бар. Анан да ал жерде 18 жаштан өйдө деген жазуу да турат.
Ошону менен катары эле, дүйнөгө уят болдук дегендерге кайрыларым. Биз дүйнөгө Бишкек шаарын каптаган ышыбыз менен эле уят болдук. Бул да болсо жемкорлуктун айынан. Анан да, дүйнө эли кыргыз тилин түшүнбөйт жана түшүнгүсү да келбейт. Биз ал жерде кыргызча сүйлөшкөнбүз”, - деди Примбердиев.
Бул коомчулуктун нааразы пикирин жараткан долбоор, маданият министри Нуржигит Кадырбековдун да көңүлүн бурдуруп, министр ырчыларды мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга жана наам берүү маселелерине келгенде алардын бүгүнкү кылыгы эске алынарын айткан.
Ага утурлай эле, "Марал" радиосу Курал Чокоев, "Кыргыз" радиосу Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиев менен иштешүүнү токтотуп, ырларын уктурбай турганын жарыялашты.
Добавить комментарий ×