Кайгуул милициясы кайрадан түзүлөт. Аталышын өзгөртүү менен реформа жасаганга болобу?
Бишкек шаарында пилоттук долбоор алкагында 2019-2020-жылдарга Кайгуул милициясын түзүү боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Бул боюнча Өкмөт башчысы буйрукка кол койгон.
Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, бекитилген Планга ылайык, жаңы кызматка алуу сынактык негизде жүрөт. Мындан тышкары бардык талапкерлер милдеттүү кошумча окутуудан өтүшөт, анын жыйынтыгы боюнча алган билимдери текшерилмекчи.
Коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу максатында жаңы кабыл алынган кызматкерлер жогорулатылган акчалай көмөк алышат.
Жаңы түзүлүп жаткан бөлүктүн материалдык-техникалык базасы жакшыртылат. Муну менен катар өлкөнүн антикоррупциялык органдары тарабынан кызматкерлердин ишмердиги катуу көзөмөлгө алынат.
Чечим республиканын укук коргоо тутумун реформалоо алкагында ички иштер органдарынын тышкы кызматтарынын ишин ирээтке келтирүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу, коомдук жайларда, ошондой эле жолдордо орун алган укук бузуулар жана кылмыштар жөнүндө билдирүүлөргө ыкчам жооп кайтаруу үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.
Жаңы түзүлүп жаткан кызматка жол коопсуздугун камсыздоодон тышкары коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук бузууларды жоюуга багытталган иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле «102»кызматына жарандардан келип түшкөн кайрылууларга ыкчам жооп кайтаруу милдети жүктөлөт.
Күтүлгөндөй, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына кызматкерлерди тандоо Бишкек шаарында пилоттук долбоордун алкагында үч баскычта өткөрүлөт. Биринчи баскычта тандалгандар 2019-жылдын 1-июлунан тарта кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
Ссылка: https://barometr.kg/kajguul-miliciyasy-kajradan-tzlt-atalyshyn-zgrt-menen-reforma-zhasaganga-bolobu
Добавить комментарий ×