Кафеде ок чыгарган милиция кызматкери кызматтан алынды
Бөлүшүү:
Кафеде ок чыгарган милиция кызматкери кызматтан алынды. Бул тууралуу Бишкек ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, спирт ичимдиктерин ичип, эс алып отургандардын ортосунда уруш чыккан. Анын бири милиция кызматкери болгон. Ал табелдик тапанчасы менен башка эркектин бутуна аткан. Окуя 12-сентябрга караган түнү ордо калаанын Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде болду. Учурда прокуратура тергөө иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/kafede-ok-chygargan-miliciya-kyzmatkeri-kyzmattan-alyndy
Добавить комментарий ×